Курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекеттин кирешесине алынды

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын «Ак-Өргө» конушундагы Ахунбаев жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекеттин кирешесине алынды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 20 сотых жер тилкесин мыйзамсыз алуу фактысы аныкталып, учурда ал жерге социалдык, маданий-тиричилик объектилери, жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 10 кабат турак жай курулуп жатат.

Жер тилкелерин алгач жеке адамдарга берүү учурунда мыйзам бузуулар болгон. Мындан улам, курулуш компаниясы курулуп жаткан имараттан жалпы аянты 897 чарчы метр (баасы 89 миллион 367 миң сом) 15 батирди мамлекетке өткөрүп берди. Аталган үйлөрдүн курулушун аяктоо 2027-жылдын 1-жарым жылдыгына пландаштырылган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты