«КурулTime» — Блогерлердин экинчи фестивалы өттү

Борбор Азия Америка университетинде 18-мартта өткөн “КурулTime» деп аталган блогерлердин жылдык фестивалы өлкөнүн эл назарындагы блогерлерин бир аянтчага чогултуп, тажрыйба менен бөлүшүп, тренддерди талкуулады. Ошондой эле бул иш-чарага казакстандык эл назарындагы блогерлер катышты.

Блогерлердин экинчи курултайы катышуучулардын эбегейсиз кызыгуусун туудурду,  ага катышуу максатын көздөгөндөрдөн 3000дей арыз түшүп, 2300 катышуучу катышты.

Курултайда 1.1 studio продакшн-студиясынын негиздөөчүсү Асхат Табалдиев айткандай, ийгиликтүүлөр тажрыйбасы менен бөлүшүп, блогерлер арасында кандай жаңылуу, катачылыктар болуп жаткандыгы ортого салынды, укуктар менен милдеттерди, учурдагы тренддерди талкуулады.  

Фестивалы блогерлердин аудитория менен иштөө өзгөчөлөгү, жарнама менен иштөө мүмкүнчүлүгү, жаңы тренддерди жана максаттарды ортого салды. Фестиваль чоң кызыгуу менен коштолуп, блогерлерди кийинки кадамдарга шыктандырды деп айтууга болот.

Сүрөт: Интерньюс Кыргызстан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты