Курултай: Сапар Аргымбаев Камчыбек Ташиевдин парламентте сөгүнгөнүнө чара көрүлбөгөнүн сындады   

  • 1 год мурун

Элдик курултайдын экинчи күнүндө оппозициялык Бириккен демократиялык кыймылдын (БДК) мүчөсү Сапар Аргымбаев бир катар сын-пикирлерди айтты.    

-Ширшов келгенде аны тосуп алып, башынан сылап, «ал Максимдин 200 миллион долларын» алып келип берет дешти эле. Ошол акча келдиби, келсе кайсы эсепке түштү? Ошого да жооп бергилечи. Бүгүн Ширшовдун кадрларынын баары бийликке келди. Алардын ичинде Таалай Ибраевге 2010-жылдан бери алты кылмыш иши ачылган. Ал иштер кандай жабылган, эмне болгон, мен билбейм. Кылмыш иши ачылган кишини министр кылып дайындоо суроо жаратат, -деди Сапар Аргымбаев.

Сапар Аргымбаев ошондой эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин парламенттин трибунасында сөгүнгөнүн, ага чара көрүлбөгөнүн билдирди.

-Эми дагы бир нерсе, мен ал сөздү силердин алдыңардан айткандан да тартынам, бирок айтыш керек. Кечээги Жогорку Кеңеште «энеңди…» деп айтылган сөзгө кандай баа берилиши керек болчу? Ошону айтып жаткан киши президент Садыр Жапаровду көзүнө илбей туруп айтты. Болгондо дагы аны элдин трибунасында айтты, — деди Аргымбаев.

17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын ратификациялоо жөнүндө мыйзам каралган. Ал жыйындын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакировдун суроо-жообу айтышууга айланып кеткен.  Камчыбек Ташиев парламентте сөгүнүп жиберген.

Сүрөт: Курултайда. president.kg


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты