Курсанттар бара жаткан аскер машинасы жол кырсыгына кабылды

Бүгүн, 27-августта, Чүй облусунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Сүймөнкул Чокморов айылында (Чоң-Таш) КР Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттары бара жаткан аскер техникасы жол кырсыгына кабылды.

Маалыматты Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Толкун Раимжанов «ПолитКлиника» медиасына тастыктады.

Маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын өкүлүнүн айтуусуна караганда, жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү жана госпиталга жаткырылды. Жабыркагандардын саламаттыгы канаттандырарлык экендиги белгиленди. Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө жана канча киши жабыркагандыгы тууралуу маалымат такталууда.  

Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жаткандыгы белгиленди.

Видео: «ПолитКлиника» медиасынын окурманынан.

Сүрөт: Видеодон алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты