Курсан Асанов үй камагына чыкты
- 3 года мурун
Октябрь окуялары боюнча айыпталып жаткан ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыкты. Мындай чечимди 3-февралда Бишкек шаардык соту кабыл алды.
Бул тууралуу адвокат Чынара Жакупбеков билдирди.
Курсан Асанов октябрь окуялары боюнча биринчи жолу 2020-жылы 10-октябрда кармалып, 4-ноябрда үй камагына чыгарылган.
2021-жылы 11-январда өткөн президенттик шайлоого талапкер катары катышкан.
2021-жылы 26-январда «Октябрь окуялары учурунда Ички иштер министрлигинин имаратын басып алган» деген айып менен кайра камалган. 12-апрелде үй камагына бошотулган. Ошол эле жылдын 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууга шектелип кайра камалган.
Муну бөлүшүү