​Курсан Асанов №50 абак жайында калтырылды

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык соту ички иштер экс-министри Курсан Асановдун №50 абак жайында калтыруу чечимине каршы доосун карады. Бирок сот доо арызды канаттандырган жок, мурункудай эле аталган абакта калтырылды.

Асанов жаткан абакта өзгөчө оор кылмыш жасаган кылмыштуу топтун мүчөлөрү, террористтер жана бир канча ирет абакка кесилгендер кармалат. Мына ушуга байланыштуу аны башка абак жайына которуу өтүнүчү келтирилген.

Бирок шаардык сот коллегиясы өтүнүчтү орундаткан жок, мурункудай эле аталган абакта калтырылды.

Сентябрь айында бийликти күч менен басып алууга шектелип ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана «АКБ Толубай» ЖАКынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев кармалган. Андан мурун социалдык тармактарда Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудио жаздыруу тараган. Анда Курсан Асанов, Жанар Акаев жана дагы башка саясатчылар бийликти күч менен басып алууга камынып жатканы айтылган.

Курсан Асанов жана дагы бир катар саясатчылардын кармалуусуна себеп болгон аудио жаздыруу боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, аудио жаздыруунун жасалма экени аныкталган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты