Октябрь окуялары: Бабановдун иши өзүнчө каралууда

  • 3 года мурун

2020-жылдын октябрындагы башаламандык боюнча мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иши өзүнчө каралып жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өзүнүн булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура кылмыш иши боюнча материалдарды УКМКга жолдогон. Ага ылайык, Өмүрбек Бабанов массалык башаламандыкты уюштурууга жана ага катышууга шектелип жатат.

Башкы прокуратура редакцияга мурдагы өкмөт башчысынын иши өзүнчө каралып жаткандыгын ырастаган.

Ал эми жактоочу Амантур Абдырахманов Бабановго башаламандыкты уюштурууга шектелип жатканы жөнүндө билдирүү берилип-берилбегендигинен кабары жок экендигин айткан.

Белгилей кетсек, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» боюнча ачылган кылмыш ишинде дагы фигуранттардын бири. Ушул жылдын 31-майында «Кумтөр» ишинин алкагында коррупцияга шектелип кармалган жана  УКМКнын тергөө изоляторуна эки айга камакка алынган.

27-июлда Биринчи май райондук соту Бабановду УКМКнын тергөө изоляторунан бошотуп, дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берген. Шектүү сентябрь айында Бишкекке кайтып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты