ИИМдин мурдагы жетекчиси Жунушалиевди сотко мажбурлап алып келүү чечими чыкты

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-мартта ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун Кой-Таш окуясы боюнча ишин кароону улантты. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткуловдун маалыматына таянып жазды.

Айткуловдун айтымында, сот Асановдун жактоочуларынын мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди күбө катары мажбурлап алып келүү сунушун канааттандырды.

“Асановдун жактоочуларынын бири өтүнүч келтиргенбиз. Прокуратура таппай жатабыз деп жатат. Сот Жунушалиевди мажбурлап алып келүү чечимин чыгарды. Кийинки сот отурумдарында алып келиши керек”, — деди Айткулов.

Буга чейин Асановдун дагы бир жактоочусу Таалайгүл Токтакунова Кашкар Жунушалиев Асановдун ишинде негизги күбө экенин белгилеп, аны мажбурлап алып келүү өтүнүчүн киргизген.

2019-жылы 7-августта суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын УКМКнын төрагасынын ошол кездеги башчысы Орозбек Опумбаев атайын даярдыктагы “Альфа” ыкчам тобунун аскерлери менен башкарган. Ал операциясы ийгиликсиз аяктап, командирдин орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болгон, алты жоокер барымтада калган. 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Атамбаевди кармоо операциясы 8-августта дагы уланып, аны Кашкар Жунушалиев башында турган Ички иштер министрлиги өткөргөн. Ал күнү Атамбаев ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен сүйлөшүүдөн кийин колго түшүп берген.

Кой-Таштагы окуядан кийин Асанов жумуштан бошотулуп, кылмыш иши козголгон. Ага «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып коюлган. Саясатчы жана анын тарапкерлери муну саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы басма сөз жыйынында мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге издөө жарыяланбаганын билдирген. Бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуяларынан бери Кашкар Жунушалиевдин кайда экени белгисиз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты