Курманбек Бакиевдин жубайы Тогуз-Торо районунда жерге берилет

  • 1 год мурун

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшованын сөөгү бүгүн, 17-январда, Кыргызстанга жеткирилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 18-январда болору, сөөгү өзү туулуп-өскөн Тогуз-Торо районунда жерге берилери кабарланууда.

Бул тууралуу маркумдун жердештери «Азаттыкка» ырасташты.

Ушу тапта Төлөмүшован сөөгү жакындарынын Казармандагы үйүндө акыркы сапарга узатууга даярдык көрүлүп жатат.

Маалыматка ылайык, 47 жаштагы Төлөмүшова Минск шаарында оорудан улам каза болгон. Анын тажыясына Курманбек Бакиевдин катышары же катышпары азырынча кабарлана элек.

Назгүл Төлөмүшова Бакиевдин экинчи жубайы. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Бакиев менен бирге өлкөдөн качып кетип, Беларустан башпаанек табышкан.

2016-жылы орусиялык басылмалар Назгүл Төлөмүшова Беларус баш калаасындагы «Минск» мейманканасын башкарып жатканын жазып чыгышкан.

Курманбек Бакиев 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Бакиевге жана жакындарына онго жакын факты боюнча айып тагылган. Курманбек Бакиев сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган. Негизги айыптоо 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы кан төгүлгөн окуяга байланыштуу коюлган.

Былтыр Кыргызстандын баш прокурору Курманкул Зулушев Ошто эл менен жолугушууда Бакиевге байланыштуу суроого жооп берип, мурдагы президент Кыргызстанга келгенге эрки жетип, тергөөгө көрсөтмө берүүнү чечсе, ага эч ким тоскоолдук кылбай турганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты