Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова каза болгону айтылууда

  • 1 год мурун

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова 15-январда Минск шаарында каза тапты. Бул тууралуу ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, ал жүрөк жетишсиздигинен улам кайтыш болгон. Маркумдун сөөгү бүгүн Кыргызстанга алынып келери айтылууда.

Назгүл Төлөмүшова менен Курманбек Бакиевдин Лейла жана Данияр аттуу эки баласы бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты