Курманбек Бакиевдин жактоочусу Конституциялык сотко кайрылган
- 3 месяца мурун
2010-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Бакиевдин иши боюнча Конституциялык сотко кайрылган. Аталган соттун судьялар коллегиясы анын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин бир нече беренелери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана анын беренелерине ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алган.
Бул тууралуу Конституциялык соттун сайтына 9-декабрда жарыяланган.
Маалыматка ылайык, жактоочу Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талашылып жаткан ченемдеринде тергөө органдарынын сырттан айып коюу жана кылмыш ишин айыптоо актысы менен сотко жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуучу ченемдердин жоктугун билдирген. Анын пикири боюнча, бул айыпталуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузат.
«Арыз ээси укук колдонуу практикасынын тараптардын тең укуктуулугу принцибине ылайык келбегендигине көңүл бурат, бул айрым учурларда тергөө айыпталуучунун турган жери аныкталганга чейин токтотулуп, ал эми кээ бир учурларда укуктук аныксыздыкты жаратуу менен тергөө сырттан уланып жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. Ошондой эле ал тараптардын тең укуктуулук жана атаандаштык принциби кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдар айыпталуучунун сырттан чыгарылган сот актыларын кайрадан каратуу жана процесстин бардык баскычтарына катышуу укугун кепилдөөсүн талап кылаарын көрсөтөт»,- деп айтылат маалыматта.
Жактоочу эгерде айыпталуучу апелляциялык жана кассациялык инстанцияларда даттануунун бардык жол-жоболору аяктагандан кийин келсе, ал сырттан чыгарылган өкүмдү даттануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырай тургандыгын белгилеген. Мунун натыйжасында анын катышуусу жана бардык процессуалдык укуктарды камсыз кылуу менен сырттан чыгарылган сот актысын кайрадан кароо мүмкүн болбой каларын, бул адилеттүү сот адилеттигин жокко чыгарарын билдирген.
«Бул жагдай адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, анын ичинде адилеттүү соттук териштирүү, бузулган укуктарын бардык жеткиликтүү ыкмалар аркылуу калыбына келтирүү укугун бузат. Ошондой эле ал сот өндүрүшүндө тараптардын тең укуктуулук жана атаандаштык принциптерине карама-каршы келет. Баяндалгандарды эске алуу менен, арыздануучу талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт»,- деп айтылат Конституциялык соттун маалыматында.
Конституциялык сот жогоруда көрсөтүлгөн өндүрүшкө кабыл алынган кайрылууну карап чыгып, өндүрүшкө кабыл алынган күндөн тартып алты айдын ичинде бул боюнча акт чыгарары айтылды.
Сүрөт: интернет булактары