Курман айт күнү коомдук тартипти 10 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт

  • 2 недели мурун

Курман айт күнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда республика боюнча коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого 10 миңден ашык милиция кызматкери тартылат.

Милиция кызматкерлери тарабынан мечиттерде, эл көп чогулган жайларда, базарларда, эс алуу аймактарында жана башка коомдук жайларда коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты