Курч вирустук респиратордук инфекцияга кабылгандардын 64%дан ашыгын 14 жашка чейинки балдар түзөт

  • 8 месяцев мурун

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти республика боюнча сасык тумоо жана курч респиратордун вирустук инфекциялар (КРВИ) менен ооругандардын абалына жумалык мониторинг жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министтрлиги билдирди.

Учурда өлкө боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. (12–19-октябрда) республика боюнча вирустук инфекциянын 5887 учуру катталган, бул көрсөткүч өткөн жуманын деңгээлинде калды. Ооругандардын 64,1 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Маалыматта айтылгандай, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, республиканын аймагында жыл сайын кездешип келген вирустар – аденовирус, респиратордук синцитиалдык вирус, метапневмовирус, парагрипп жана риновирус айланууда.

Эпидемиологиялык сезон башталгандан (29-сентябрь – 5-октябрь) тартып бүгүнкү күнгө чейин сасык тумоонун вирусу аныкталган жок.

Учурда айланып жүргөн вирустардын арасында негизинен риновирус (36,9%), аденовирус (26,3%), парагрипп I–IV типтери (21,1%) жана башка вирустар (15,7%) басымдуулук кылууда.

Сасык тумоонун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 63 734 доза «Гриппол+» вакцинасын сатып алып, өлкөнүн бардык аймактарына  бөлүштүрдү. Вакцина биринчи кезекте тобокел тобундагы жарандарга арналган: медициналык кызматкерлерге, өнөкөт оорулары бар адамдарга, көп ооруй турган балдарга, 65 жаштан жогору адамдарга, кош бойлуу аялдарга.

Мындан тышкары, каалоочулар үчүн Бишкек шаарындагы төмөнкү жеке медициналык борборлордо акы төлөп эмдөө жүргүзүлүүдө: «Цадмир», «Кроха», «Малыш», «Интермедикал», «Комфортмедик», «Поликлиника 312». Вакцинациянын баасы 400 сомдон 1000 сомго чейин.

Сасык тумоонун алдын алуу үчүн төмөнкү жөнөкөй эрежелерди сактоо сунушталат:

  • респиратордук гигиенаны сактоо — жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө ооз менен мурунду салфетка менен жабуу жана аны туура жок кылуу;
  • организмдин өтө муздап же ысып кетишинен сактануу;
  • өзүн начар сезген адамдар дене табы жогоруласа же сасык тумоонун башка белгилери байкалса, өз убагында обочолонуу;
  • санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо (колду жуу, бөлмөлөрдү желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.);
  • окуу жана эс алуу тартибин сактоо, ашыкча чарчоодон алыс болуу, таза абада көбүрөөк жүрүү, жетиштүү уктоо жана туура тамактануу;
  • таңкы гимнастика жана дене тарбия менен машыгуу;
  • эгер балада КРВИнин белгилери байкалса, аны мектепке же бала бакчага жөнөтпөө жана дарыгерге кайрылуу;
  • беткап тагынуу жана аралыкты сактоо.

КРВИ жана сасык тумоонун белгилери пайда болгондо өз алдынча дарыланбастан, катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу сунушталат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты