Курал-жарак жана ок дары сатууга шектелген милициянын майору кармалды (Видео)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматы менен бирге 5-июлда ок атуучу курал жана ок-дары сатууга аракет кылып жаткан жеринен милициянын майору М.Р.Н. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 267-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (“Куралды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган кызматкер ички иштер органында иштеген жылдардан баштап, алынган тапанча, мылтык жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатуу менен системалуу түрдө алектенгени аныкталган.

Милициянын майорунун жашаган жеринен издөө иш-чараларынын жүрүшүндө курал-жарак жана ок-дарылар табылган. Тактап айтканда, ар кандай калибрдеги 4 мылтык, 9 даана граната; 200 даана 9мм калибрлүү ПМ патрону; 97 даана 5,45 калибрлүү АК-74 патрону; 141 даана 7,62 снайпердик мылтыктын патрондору жана 72 даана помпонун патрондору.

Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичинен курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты