Курал-жарак жана ок-дары сакталган жай табылды

  • 3 года мурун

Чүй облусунун Москва районунун аймагынан QSZ-92 үлгүсүндөгү 2 даана тапанча, бир нече 9×19, 9×18, 5,45×39 и 7,62×39 мм жана 7,62×39 мм калибрлүү гильзалар, ошондой эле тротил таякчасы, эки детонатор жана колго жасалган жарылуучу зат сакталган жер табылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.  

Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак, ок-дарылар, жардыргыч заттар кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалганы аныкталды.

Алынган буюмдардын кайдан келгендигин жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК ок атуучу куралдарды, ошондой эле ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү,

сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Ошондой эле, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты