Курал-жарак жана ок-дары бекитилген жер табылды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Нарын облустук ИИМдин жана УКМКнын чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен бирге Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой суу сактагычынын жанынан курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жайды тапты.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жайда кырдуу жылмакай 2 курал,  жылмакай аңчылык куралы, майда калибрлүү мылтык, “Сайга-410” карабини, ар кандай калибрдеги 54 ок болгон.

Андагы курал-жарактар менен ок-дарылардын сериялык номерлери, анын ичинде гильзалардагы маркировка маалыматтары өчүрүлгөн.

Учурда аталган курал-жарактарды сактоочу жайды уюштурган адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты