Курал-жарак, аскердик техниканы оңдоо базасы: Президент андагы абал менен таанышты

  • 1 год мурун

       

Президенти — Куралдуу Күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Балыкчы шаарында жайгашкан Коргоо министрлигинин өз алдынча Курал-жарак жана аскердик техникасын оңдоо боюнча борбордук базасынын абалы менен таанышты. 

2022-жылдын октябрь айында ачылган базада курал-жарактарды жана аскердик техниканы максатына жараша колдонууга даярдоо үчүн комплекстүү техникалык тейлөө жана учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлөт. 

Мамлекет башчы борбордук базанын бир нече объектилерин: зооттолгон танкалык техниканы (танктарды жана БМП) тейлөө жана оңдоо пунктун, атайын жумуш аянтын, аккумуляторлуу батареяларды заряддоо автоматташтырылган системасын, сырдоочу цехти, өздүк курамга тиричилик кызмат көрсөтүү үчүн корпусту, видеокөзөмөл жана телевизорлор менен жабдылган тышкы периметрди коргоо жана эрте аныктоо пунктун, ошондой эле оңдоодон өткөн зооттолгон танкалык техниканы көрүп чыкты. 

Президентке 2023-2024-жылдарга базаны өнүктүрүүнүн келечеги, тактап айтканда базанын аймагын кеңейтүү,  зооттолгон танкалык техниканы сактоочу жайларды куруу, аны оңдоо үчүн кошумча жабдууларды орнотуу, коопсуздук тутумун чыңдоо жана башка көптөгөн нерселер пландалып жатканы тууралуу маалымат берилди.

Андан соң Садыр Жапаров курал-жарак жана ок-дары кампаларынан турган ракеталык жана артиллериялык куралдардын кампасын көрүп чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты