Балыкчыга мэр болуп дайындалган Баатырбек Жантаев Каныбек Туманбаевдин бөлөсү болот

  • 11 месяцев мурун

Балыкчы шаарынын жаңы мэри Баатырбек Жантаев президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин бөлөсү болот. Бул туралуу Туманбаев бүгүн, 14-июлда, эмгек жамаатына тааныштыруу учурунда билдирди.  

«Мамлекетибизде жашыра турган эч нерсе жок. Бул жигит менин бөлөм болот. Бул жерге келип иштейин деген деле ою жок эле. Биз президентибиз койгон тапшырмага ылайык урматтуу президентибиздин сөзүн эч качан талкуулабайбыз. Туура эмес иштесе жоопко тартылат» деди Туманбаев.


Ага чейин президенттик администрациянынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Каныбек Туманаевдин шакирти, анын тарбиялап бышырган кадры деп маалымат берген.

Бүгүн, 14-июлда, Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев кызматынан бошотулду. Баатырбек Жантаев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.  

Сүрөттө: Баатырбек Жантаев. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты