Эс алуу борборунда денеге оор залал келтирүү фактысы боюнча шектүүлөр кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинде каттоодо турган, бир топ адамдар тарабынан кол салуу жана ур-токмокко алуу фактысы менен бокс боюнча машыктыруучу Б.Б.Ш. жана анын окуучулары кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кармалган жаран 2025-жылдын 7-июлунда Балыкчы шаарындагы «Грин Сити» борбордук билим берүү мекемесинин аймагында бокс боюнча эл аралык турнирдин жүрүшүндө жашы жете элек Д.Д., К.У.Т., А.Т.А., С.А.Т., Т.И.А. аттуу окуучулары менен бирге борбордук билим берүү мекемесинин күзөтчүсүнө кол салып, аны сабап, денесине оор залал келтирген.

Жабырлануучу буга чейин милицияга арыз менен кайрылганын, бирок милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамдуу жооп болбогондугун билдирген.

Азыркы учурда, УКМК тарабынан кылмыш ишин козголуп, Б.Б.Ш., Д.Д., К.У.Т., А.Т.А., С.А.Т. жана Т.И.А. кармалып, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты