“Курак” тасмасы Пусан эл аралык кинофестивалына катышат
- 3 месяца мурун
Режиссёр Эмил Атагелдиев жана кинопродюсер, режиссер Эрке Жумакматованын «Курак» тасмасынын дүйнөлүк бет ачары Пусан эл аралык кинофестивалында болот.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Тасма «Азиялык көз караш» (Asian Vision) категориясында «Эң мыкты азиялык тасма» сыйлыгы үчүн ат салышат.
«Курак» тасмасы маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу кинематография департаментинин колдоосу менен тартылган.
ХХХ Пусан эл аралык кинофестивалы 2025-жылдын 17-26-сентябрь күндөрү Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтөт.
Сүрөт: «Курак» тасмасынан
Муну бөлүшүү




