«Кумтөрдө»пайдасыз келишимдерди түзгөн башкаруучулардын бири кармалды
- 3 недели мурун
Ички иштер министрлиги үлүшү мамлекетке таандык болгон «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады.
“Тергөөнүн материалдары боюнча компанияда башкаруу функцияларын аткарган кээ бир адамдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын мамлекеттин жана уюмдун кызыкчылыктарынан өйдө коюп, жеке пайда алуу жана айрым юридикалык жактардын кызыкчылыктарына таасир этүү максатында майды сатууда билип туруп пайдасыз келишимдерди түзүшкөн. Натыйжада, ишкана өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыянга учураган. Аталган факты боюнча ИИМдин тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 339-беренесинде (Билип туруп пайдасыз келишим түзүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон” деп айтылат маалыматта..
Көз карандысыз аудитордун корутундусуна ылайык, майдын бир бөлүгү бузуулар менен сатылган-бухгалтердик эсепти кыйгап өтүү жана тиешелүү төлөмү жок. 2023-2024-жылдарда майды сатууда келтирилген зыяндын жалпы суммасы 16 461 900 сомду түзөт.
Ыкчам-тергөө иштеринин алкагында компаниянын башкаруучуларынын бири- 1981-жылы туулган Ж.А. кармалды. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы