Кумтөр: Жарака кеткен жерден адамдар жана техника коопсуз жайга көчүрүлдү

  • 2 года мурун

«Кумтөрдөгү» жарака кеткен жерден адамдар жана техника коопсуз жайга көчүрүлдү.

Бул тууралуу «Азаттыкка» “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк билдирди.

Ал ушул тушта Кумтөргө бара жатканын, соңку окуя кен казуу иштерине таасирин тийгизгенин, буга байланыштуу пландар өзгөрөрүн кошумчалады.

«Адистерди чакыртып, изилдеп жатабыз, бул эми табигый көрүнүш да. Ушундай учур 2002-жылы болгон, 2006-жылы да жылып кеткен. Тоо чоң жерден казылган, карьер абдан чоң: анын узундугу үч, туурасы эки, тереңдиги бир чакырым. Ушундай учурда жылыштар болот».

Мунун алдында катуу жааган жаан-чачындан улам Кумтөр кенинде “Борбордук” карьеринин чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабынан жер кыртышынын жылышы тездегени белгилүү болгон.

«Азаттыктын» булактарынын билдиришинче жарака карьердин чыгыш капталындагы жерден кеткен.

Мындан улам мекемелер аралык комиссия түзүлгөн жана комиссия бир жума аралыгында карьердин чет жактарындагы жердин жылышынын тездешинин себептерин аныктап, чара көрүү боюнча «Кумтөр Голд Компани» ишканасына сунуштарын бериши керек.

“Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган.

Кыргызстан менен «Центерра Голд» быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдого” 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100 акциясы Кыргызстанга өткөн.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты