Кумтөр иши: Сот Тайырбек Сарпашевди күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айыпка жыкты

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту “Кумтөр иши” боюнча айыпталып жаткан мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди «коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом өлчөмүндө айыпка жыкты.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупцияга шек саналып жаткан мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди былтыр 17-июнда кармаган. 29-июнда Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган. 2021-жылдын октябрь айында мурдагы чиновник үй камагынын талаптарын бузуп, кызматташуу боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарган эмес деген жүйө менен атайын кызматтын тергөө абагына кайра камалган. Үстүбүздөгү жылдын 10-январында эч жакка кетпөө тил каты менен кайрадан үй камагына бошотулган.

Кыргызстан Кумтөр алтын кенин өзүнө алгандан кийин ага байланыштуу иликтөө баштаган. УКМК кен жаңы уюшулган учурда түзүлгөн келишимдерден тартып соңку келишим-макулдашууларга чейин бардыгын изилдеп жатат. Сарпашевге 2017-жылдагы документтер боюнча айып тагылган. Сарпашевдин жакындары жана жактоочулары буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Ал 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты