Кумшекерди сыртка мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

  • 2 года мурун

Кыргызстандан Казакстанга кумшекерди мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө КР жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-бенц” үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү учурунда болжол менен 6 тонна кумшекерди алып чыгууга аракет кылуу факты аныкталган. Коштоочу документтерге ылайык, кумшекер тизмеге кирген эмес.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 17-мартындагы №140 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна ылайык, кумшекерди жана анын түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты