Кумшекер жана өсүмдүк майы кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотулду
- 3 года мурун
Кыргызстанда кумшекерди жана өсүмдүк майын өлкөгө алып кирүү ушул жылдын аягына чейин кошумча нарк салыгынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында айтылганын 23-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
«Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, 2022-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин Кыргызстанга импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленди», — деп айтылат билдирүүдө.
Өкмөттүн кезектеги кеңешмесинде жалпы 14 маселе каралды. Анда салык карыздарын өндүрүү тартиби жана кыйыр ыкмалардын негизинде салыктык милдеттенмелерди аныктоонун методологиясы бекитилди.
Муну бөлүшүү