Депутат Түлөбаев курулушка кайрадан 12% кошумча нарк салыгы киргизилип жатканын сындады  

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 4-декабрда, депутат Балбак Түлөбаев кошумча нарк салыгы киргизилип жаткандыгына байланыштуу Министрлер кабинетин сынга алды.

-Башка жаңы салыктар болбойт дегенсиңер, бирок улам эле жаңы салык киргизип, кошумча нарк салыгын көтөрүп атасыңар? Курулушка кайрадан 12% кошумча нарк салыгын киргизип атасыңар. Бирок бизде 40 миңдей жаран үйү жок, ипотекалык компанияда кезекте турганын билесиздер. Аны киргизгенден кийин батирлердин баасы дагы көтөрүлөт. Элди кантип үй менен, аш менен камсыз кылабыз? 12% кошумча нарк салыгы бул — 500 миң сом. Бул байкуш кыргыз үчүн өтө чоң акча. Бул өзгөртүүлөрдү сунуштап жаткан министрликтердин баштары иштейби? Пландоо деген барбы? Бала бакча, ФАПтар курулган бойдон иштебей турат. Ичинде баласы, тарбиячысы жок, иштебей турган бала бакчалардын кимге кереги бар? Ошондой эле үйлөрдү куруп алып, эч кимге сата албасаңар, куруп не кереги бар?» деди депутат.

Сүрөттө: Балбак Түлөбаев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты