Кубанычбек Коноевди 15 жыл мурда атып кеткен деген шек менен ИИМ эки кишини кармады  

  • 5 месяцев мурун

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2008-жылы Чолпон-Атада кримтөбөл, маркум Рысбек Акматбаевдин тууганы Кубанычбек Коноевди атып кеткен деген шек менен эки киши кармалганын 11-декабрда билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 1983-жылы туулган К.А. жана криминалдык төбөлдүн тууганы 1969-жылы туулган К.Н. кармалды.

ИИМ билдиргендей, 2008-жылдын 4-апрелинде болжол менен саат 9:00 чамасында Чолпон-Ата шаарында белгисиз адамдар Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унааны автомат менен аткалып кетишкен.

Бул кылмыш прокуратуранын имаратынын жанында жасалган.  Аталган унаанын рулунда 1955-жылы туулган Кубанычбек Коноев болгон.   Ок атылгандан кийин Кубанычбек Коноев башынан жана көкүрөгүнөн көптөгөн жарат алган жана ошол жерден каза болуп, унаасы мамыга урунган.  

Аны аткылагандар кылмыш болгон жерден качып кетишкен. Окуя болгон жерди текшерүү учурунда унаанын сол эшигинде аткыланган октордун көптөгөн тешиктери табылган.  

Ошол эле күнү Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылынын аймагынан шектүүлөр таштап кеткен “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаа табылып, аны кароо учурунда автоматтын гильзалары, номуру өчүрүлгөн “Калашников” автоматы табылган.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда (адам өлтүрүү) (эски кодекс) кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.  

Кубанычбек Коноевди 15 жыл мурда атып кеткен деген шек менен ИИМ эки кишини кармады  
ИИМ тараткан сүрөт.

Кубанычбек Коноев — уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү Нурлан жана Мирлан Коноевдердин атасы. Экөө тең 2006-жылдын августунда жана 2007-жылдын апрелинде ушундай жол менен өлтүрүлгөн.

Мирлан Коноевди өлтүргөн адам 2007-жылдын 19-апрелинде кылмыш сууй электе кармалган.    

Кармалган жарандар камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалды.   

Сүрөт: ИИМ тараткан шектүүлөрдүн сүрөтү

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты