КРСУдан 12 студент чыгарылды

  • 1 год мурун

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мекемелер аралык комиссиянын корутундусуна ылайык, Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде  бюджеттик формада окуган 12 студент чыгарылды.

Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн алкагында кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгүндө (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз-Россия Славян университетине студенттерди бюджеттик окууга мыйзамсыз кабыл алуу аныкталган.  

2024-2025-окуу жылына кабыл алуу учурунда университетке айрым студенттер сертификаты жок, ЖРТнын төмөнкү босого упайлары менен кабыл алынган.

Мыйзамсыз ишке тиешеси бар кызмат адамдары жана башка адамдар аныкталып жаткандыгы айтылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты