Криптовалюта сатып алууну уюштуруп жүргөн жашыруун бюро аныкталды

  • 8 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан (УКМК) криптовалюта аркылуу адалдоо боюнча маалыматтар келип түшкөн.

Тактап айтканда, “Россия” бизнес борборунда жашыруун алмашуу бюросун, акча алмаштырууну/жөнөтүүнү (криптовалюта сатып алуу) уюштуруп жүргөн Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын айрым жарандары аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз борбору кабарлады.

Жогорудагы фактылар боюнча УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин материалдарынын алкагында айрым жарандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тиешелүү кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз борбору.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты