Башкы прокуратура: Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесиндеги окуяга юридикалык баа берилет
- 3 месяца мурун
20-декабрдагы жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесиндеги окуя боюнча жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы тарабынан жеринде текшерүү жүргүзүлдү.
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Анда айрым соттолгондор жана айыпталуучулар тинтүү маалында мекеме кызматкерлери тарабынан күч колдонуу фактылары болгондугун билдиришкен. Бул фактылар каттоого алынып, тиешелүү тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) 21-мекемесинде мыйзамсыз сакталып жүргөн буюмдарды аныктоо максатында тинтүү иштери жүргүзүлгөн учурда, айрым айыпталуучулар жана соттолгондор ар кандай жолдор менен каршылык көрсөтүшкөн жана бул боюнча тиешелүү документтер түзүлгөн. Тинтүү иштери учурунда жалпы 87 даана уюлдук телефон алынган, анын ичинен 68 телефон тинтүү жолу менен табылса, 19 телефонду камактагылар өз эрки менен тапшырышкан.
Ошондой эле айыпталуучулардын, соттолгондордун денесинде жаракат бар-жогун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен жазаларды аткаруу кызматынын тиешелүү кызматкерлерине карата юридикалык баа берилет.
Бишкектеги тергөө абагында анда жаткандар сабалып, айрымдары ачкачылык кармап жатканы тууралуу маалыматтар жарыяланууда. Бул маалыматтарды Жаза аткаруу кызматы төгүндөп келет.
Сүрөт: 21-мекеме. «ПолитКлиника»