Кримчөйрөдө «Детина» каймана аты бар, адам өлтүрүү үчүн издөөдөгү жаран Литвадан кармалды

  • 10 месяцев мурун

Ушул жылдын август айында Литванын аймагынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин  кайрылуусу  боюнча эл аралык издөөдө жүргөн, криминалдык чөйрөдө «Детина» деген каймана аты менен белгилүү болгон 1979-жылы туулган Ю.Ю. аттуу жаран жүздү таануу технологиясынын жардамы менен  кармалган.  Ал буга чейин Ш.А.нын  атынан жасалма документти колдонуп келген.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Ю.Ю. 2007-жылы Бишкек шаарында адам өлтүрүүгө айыпталып, Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган.  Ал унаа жуучу жайдын ээсин атып өлтүрүп, белгисиз тарапка  качып кеткен. Андан сырткары, Алматы шаарында дагы адам өлтүрүүгө шектелип, Казакстандын  укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган.  Жогорудагы жаранга Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. 
 
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматына ылайык, жаран Ю.Ю.   Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган.

Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары кармалган жаранды өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо маселесинин үстүндө иштеп жатат.

Ю.Ю. маркум Рысбек Акматбаевдин жансакчысы болгон.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы
 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты