Кремль 2024-жылдагы президенттик шайлоого даярдык баштаганы айтылды

  • 2 года мурун

Кремлде 2024-жылдагы президенттик шайлоого даярдыктар башталганы жана бул тууралуу алдын ала талкуулар жайдан бери жүрүп жатканын РБК агенттиги ишенимдүү булактарына таянып кабарлады.

Учурда Владимир Путиндин талапкерлигин көрсөтүү сценарийи талкууланууда.

«Башка варианттар жок [учурда]», — деди бул агенттиктин маектештеринин бири.

Ошол эле маалда ал басылмага азыркы учурда Путин өзү да талапкерлигин коюуну чече электигин билдирди.

Президенттик шайлоо өнөктүгүнүн мүмкүн болуучу стратегиясы декабрь айынын ортосунда Москва районундагы Сенеж башкаруу семинарында талкууланган. Ага Кремлдин ички саясий блогунун жетекчилиги, «Бирдиктүү Орусиянын» лидерлери катышты.

Семинар тууралуу маалыматты РБКга бул иш-чаранын мазмуну менен жакындан тааныш төрт булак ырастаган.

Алардын айтымында, президенттикке талапкер болушу мүмкүн болгон адамдын аты-жөнү айтылбай, талкуу учурунда азыркы саясий курсту улантуу маселеси тууралуу гана сөз болду.

Президенттик шайлоонун негизги максаты мыйзамдуулукту камсыздоо экени белгиленген.

Владимир Путин 2024-жылдагы президенттик жаңы мөөнөткө ат салышарын азырынча чече электиги буга чейин өзү да айткан.

Буга чейин ал Орусиянын Конституциясына президенттин мөөнөттөрүн «нөлгө түшүрүү» боюнча түзөтүүнүн кабыл алынышын өлкөнү туруктуу өнүктүрүү зарылчылыгы менен түшүндүргөн.

Эгер чиновниктер анын 2024-жылдын май айында президенттиктен сөзсүз кетээрин билишсе, Орусияда бийлик үчүн күрөш башталып, өнүгүүгө тоскоол болмок.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты