Костанай шаарындагы жарылуудан үч киши каза болду

  • 5 месяцев мурун

Казакстан бийлиги Костанай шаарындагы техникалык тейлөө станциясынын имаратынын урандылары астында үч адам каза болгонун тастыктады. Издөө-куткаруу иштери токтотулду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

«Издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында 12 адам куткарылды. Тилекке каршы, үчөөнү сактап калууга мүмкүн болгон жок», — деп билдирди облустук акимчилик.

10 адам шаардык жана облустук ооруканаларга жеткирилген. Жабырлануучулардын биринин абалы оор деп бааланууда. Бир адам медициналык жардамга өз алдынча кайрылса, экинчиси ооруканага жатуудан баш тартканы айтылууда.

Бийлик «Өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу» беренеси боюнча тергөө башталганын кабарлады.

11-декабрда түшкө маал Костанай шаарынын Амангелди конушунун аймагында газ жарылып, натыйжада бир кабаттуу үй жарактан чыккан. 280 чарчы метр аянттагы имарат толугу менен урап түшкөн. Жарылуудан кийин өрт чыгып, бир саат аралыгында өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, жети жеңил унаа жана беш оор жүк ташуучу унаа, ошондой эле жакын жердеги 12 жеке менчик үй жабыркаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты