Косметологиялык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамсыз аракеттер токтотулду
- 11 месяцев мурун
Сертификаты жок косметикалык каражаттарды жана медициналык буюмдарды контрабандалык жол менен мыйзамсыз алып өтүүгө жана сатууга байланышкан мыйзамсыз аракеттерди токтотулду.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Бул каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагына бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөбөстөн, ошондой эле саламаттык сактоо министрлигинен тийиштүү көзөмөлдөн өтпөстөн, мыйзамсыз жол менен алынып келингендиги аныкталган.
Бул факты ИИМ тарабынан катталып, кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин (Экономикалык контрабанда) белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
2025-жылдын 20-августунда ИИМ кызматкерлери тарабынан 12ден ашык дарек боюнча тинтүү жүргүзүлүп, тиешелүү сертификаттары жана уруксаты жок ири партиядагы косметологиялык каражаттар табылды
Тергөөнүн жыйынтыгында З.Р. 1979-жылы туулган, В.В. 1976-жылы туулган, Ч.О. 1976-жылы туулган, Н.А. 1982-жылы туулган, 1994-жылы туулган А.З. жана 1982-жылы туулган Л.В кармалды.
Алар жазык- процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, соттун чечими менен шектүү жарандарды камакка алуу чарасы тандалып алынган.
Сүрөттөр: ИИМ басма сөз кызматы




