Коррупцияга шектүү катары Жогорку Кеңештин экс-депутаты кармалды

  • 1 неделя мурун

Талас облусунун ички иштер башкармалыгы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Б.К.С. кармалды.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (коррупция) негизинде кылмыш иши козголду. козголгон кылмыш ишинин алкагында 2025-жылдын 9-июнунда Талас облустук ИИБ тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты Б.К.С. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы айтылды.

Шектүү катары кармалган экс-депутаттын инициалдары Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутат болгон Бокоев Кенжебек Сатымкуловичтин аты-жөнүнө туура келет.

Сүрөт: Талас облустук ИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты