Коррупция фактысы боюнча жер ресурстары кызматынын Жалал-Абад филиалынын директору кармалды

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Чүй облусунун Москва районунда жер бөлүштүрүү боюнча коррупциялык кылмыштар фактысы тууралуу жер ресурстары кызматынын Жалал-Абад шаардык филиалынын директору Р.Э.И. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кармалган жаран Чүй облусунун Москва районундагы жер ресурстары кызматынын филиалынын директорлук кызматын ээлеп турган учурда  «жер мафиясынын» мүчөлөрү менен тил табышып алып, трансформациянын расмий жол-жобосунан өтпөгөн турак жай куруу үчүн жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларга кол койгону жана бергени аныкталган.

Мындан тышкары жер операцияларына катышуу жөнүндө маалыматы жок тараптарга  жер тилкелерин жалган тариздөөдө (кайра тариздөө) фактылары аныкталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен үстүбүздөгү жылдын  11-мартында  Р.Э.И. аттуу жаран кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты