Коррупция фактысы боюнча райондук аскер комиссариатынын башчысы кармалды
- 6 months мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан коррупцияга шектелип, райондук аскер комиссариатынын башчысы кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы 9-сентябрда кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча аскердик билеттерди берүүдө системалуу мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштургандыгы үчүн кармалды.
Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.
Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!