Коргоо министрлигинин мурдагы кызматкери террористтик уюмдун жактоочусу катары кармалды

  • 1 год мурун

Эл аралык террористтик уюмдун активдүү жактоочусу, 28 жаштагы А.К. аттуу Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалды. Мурда ал Коргоо министрлигинин атайын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады

Кармалган А.К. аттуу жаран 2022-жылдын аягында эл аралык террористтик уюмдун тарабында куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн Сирияга кирүүгө аракет кылган.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 37-256-беренесинин 2-бөлүмү (“Кылмыш жасоого аракеттенүү” — “КР жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланып жаткандыгы маалымдалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты