Коргоо министрлиги: Кыргызстан аскерлери өлкөнүн чегинен башка жакка жиберилбейт   

  • 2 года мурун

Кыргызстандын коргоо министрлиги аскерлерди Кыргызстандын чегинен сырткары жактарга жиберүүгө камданып жаткан жок.

Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Министрлик аскер бөлүктөрүнүн баары өлкө ичинде орун алганын, ал эми аларды мамлекеттик чек арадан башка жактарга жиберүү пландалбаганын маалымдады.

Ошондой эле аскерлердин башка жактарга, чет өлкөлөргө жиберилгени тууралуу маалыматтар ойдон чыгарылган, жалган экени белгиленди.    

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты