Коргоо министринин жардамчысы пара алууга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Пара алууга шектелип, Коргоо министринин жардамчысы, полковник О.У.Ж. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитет (УКМК) бүгүн, 13-декабрда билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кармалган кызматкерге Кылмыш-жаза кодексинин (Мамлекеттик же муниципалдык кызматтын тутумунда кызмат берүү үчүн пара алуу) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Текшерүү учурунда кармалган жардамчы өзүнүн жеке максаттарын көздөп, акчалай сый акы үчүн Коргоо министрлигинин айрым аскер кызматкерлерин карьералык тепкич боюнча дайындоо жана жогорулатуу менен алектенгендиги аныкталган.

«Алсак, 2024-жылдын 25-майында аталган О.У.Ж., Бишкек шаарынын Аскер комиссариатынын Октябрь райондук бөлүмүнүн кызматкери О.Т.Б.дан, Коргоо министрлигинин аймактык бөлүмүнүн комиссариатына которуу үчүн 100 миң сом алган»,- деп айтылат маалыматта.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, аталган жаран Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун аскер комендатурасынын башкармалыгына киргизилген.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты