Кореяга сапар: Нурланбек Шакиев Hyundai компаниясынын филиалын Кыргызстанда ачууну сунуштады  

  • 1 год мурун

Бүгүн, 22-февралда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Корея Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында Hyundai Motor Company өнөр жай ишканасынын Асан шаарындагы заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Өндүрүштүн жүрүшү менен тааныштырган Асан шаарындагы заводунун улук вице-президенти Ли Ки Со Hyundai Motor Company суутекти үнөмдүү энергия булагына айлантуу аркылуу глобалдык коомдун таза энергияга өтүүсүнө көмөктөшүү жаатында алгылыктуу аракеттерди көрүп жатканын белгиледи. 

Баарлашуу маалында төрага Шакиев компаниянын Бишкектеги борбору ийгиликтүү иштеп жатканын эске салып: “Корея Республикасында чыгарылган унаалар сапаттуулугу жана баасынын ыңгайлуулугу менен Кыргызстанда чоң суроо-талапка ээ. Андыктан калыптанган кызматташтыкты кеңейтип, керектүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдарбыз” деди. Муну менен катар компаниянын филиалдарынын бирин Кыргызстандын аймагында ачып, завод куруу мүмкүнчүлүгүн да караштырууга чакырды. 

Өз кезегинде компаниянын өкүлү Ли Ки Со айтылган сунуштардын баары маанилүү экенин белгилеп, бул жаатта тийиштүү жумуштарды алып барышарын кошумчалады. 

Эскерте кетсек, компанияга тиешелүү ири үч заводдун бири катары таанылган Асан шаарындагы өндүрүштүк мекемеси 32 миң чарчы метр аянтты ээлеп, 4 миң адам эмгектенет. Иштин 90%ы автоматташтырылган жана күнүнө 1100 автоунаа жасалат. Азыркы тапта чыгарылып жаткан жаңы унаалардын алгачкы наркы 10 миң доллардан 150 миң долларга чейин бааланат. Ушундай эле заводдор Кореядан тышкары дүйнөнүн алты мамлекетинде курулган. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты