Кореядан «Тез жардам» унаалары келди

  • 1 год мурун

18-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) Корея мамлекетинен 4 «Тез жардам» унаасы тапшырылды.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

Мааламытта айтылгандай, унааларды берүү боюнча Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн ортосунда буга чейин жетишилген макулдашуулардын негизинде, Кореянын Кёнгидо провинциясынын өрткө каршы башкармалыгы тарабынан бөлүнгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кёнгидо провинциясынын Өрт өчүрүү башкармалыгына жана Кореянын “GO&DO” социалдык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрүнө тез жардам унаасы түрүндө көрсөтүлгөн техникалык жардам жана аларды Кыргызстанга жеткирүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты