Кореяда бир катар документтерге кол коюлду
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 3-декабрда, Президент Садыр Жапаровдун Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында кыргыз-корей кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
-Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда Баарын камтыган өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен билдирүү;
-Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы климатты өзгөртүү жаатында кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашуу;
— 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Корея Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан баш тартуу жана киреше жана капитал салыктарына карата салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Корея Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы 2025-жылдан 2029-жылга чейинки мезгилге экономикалык өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык фондунан (ӨКТ) кредиттер жөнүндө алкактык макулдашуу;
— Билим берүү жана илим министрлиги менен Корея Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум ж.б.
Президент Жапаров 3-декабрда Сеул шаарында Кореяга болгон расмий сапарынын алкагында Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёль менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Сүрөт: president.kg