Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү
- 2 недели мурун
Президент Садыр Жапаров – Коопсуздук кеңешинин төрагасы бүгүн, 11-апрелде, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, президенттин облустардагы өкүлдөрүнүн жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусу Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.
Анда айтылгандай, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштарды киргизүү жөнүндө айрым маселелер каралды.
Мамлекет башчы мамлекеттик органдардын жетекчилеринин улуттук коопсуздуктун кээ бир маселелери боюнча мурда кабыл алынган чечимдерин аткаруусу боюнча маалыматтарын укту жана тиешелүү тапшырмаларды берди.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү