Коопсуздук кеңеш жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизилүүдө

  • 2 года мурун

Бүгүн, 20-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө” өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору кабыл алынды.  

Жыйында баяндама жасаган Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндөгү” мыйзамдын жоболорун Конституцияга ылайык келтирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.

“Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Президент Коопсуздук кеңешти түзөт жана жетектейт. Ага ылайык, мыйзамдагы Коопсуздук кеңешинин курамы каралган ченемди алып салуу сунушталууда” деди.

Ал эми Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовдун сунушу менен бир эле мезгилде үч окууда карап, добуш берүү сунушталды. Сунуш кабыл алынып, мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты