Коомдук транспортто жаш кызга ыдык көрсөткөн киши кармалды
- 1 месяц мурун
Коомдук транспортто жаш кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн киши кармалганын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) билдирди.
11-майда социалдык тармактарда коомдук транспортто эркек киши жаш кызга сексуалдык ыдык көрсөткөндүгү тууралуу видео тараган.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБ тарабынан каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1957-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран аныкталып, ага Укук бузуулар кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлдү. Ошондой эле ал республикалык психиатрия жана наркология борборуна жаткырылды.
Сүрөт: Биринчи май РИИБ
Муну бөлүшүү




