Коомдук талкууда: Мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору
- 8 ай мурун
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Билим берүү жөнүндө», укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамынын долбоору коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөргө ылайык, буларга айып пул салуу сунушталат:
— акысыз билим алуу укугун бузуу же чектөө;
— бала мектепке чейинки билим берүү уюмуна электрондук кезек системасына келгенден кийин аны аны кабыл алуудан негизсиз баш тартуу;
— жалпы билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартуу;
— жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана педагогдору, анын ичинде коомдук фонддор жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу же алар тарабынан окуп жаткандарга жана алардын ата-энелерине моралдык-психологиялык басым жасоо.
Мыйзам долбоору Билим берүү уюмдарынын окуучуларынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн иштелип чыккан.
Долбоордун тексти жана веб-сайттын талкуу формасы — http://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/2483