Коомчулукта “Мантай” деген каймана ат менен белгилүү экс-бажы кызматкери Нурмамат Канаев камалды
- 8 месяцев мурун
Коомчулукта «Мантай» деген каймана ат менен белгилүүү Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Нурмамат Канаев кармалды.
Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына 2024-жылдын 4-январына чейин камакка алуу чечимин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту кабыл алганын Бишкек шаар сотунун басма сөз кызматы ЖМКга билдирди.
Ага кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып тагылып жатканы айтылды.
Нурмамат Канаевдин ысымы 2018-жылы УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Бишкектеги Орто-Сай-2 шаарчасына үй куруп жатканы тууралуу маалыматтарда айтылган. Абдил Сегизбаев бул кабарды четке каккан.
2020-жылы “FactCheck” порталы сөз болуп жаткан үй Бажы кызматынын ошол кездеги кызматкери Самсалиев Абулхазы Нурлановичке таандык экенин, анын Нурмамат Канаев менен байланышы бар экенин жазган.