Консулдук департамент директору Сейтек Жумакадыр уулу АКШ элчилигинин бөлүм башчысы Кейт Коллинз менен жолугушту

  • 12 месяцев мурун

16-июнда кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин (ТИМ)  rонсулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Кейт Коллинз менен жолугушту.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, анда АКШнын миграциялык саясатындагы акыркы өзгөрүүлөргө жана алардын Кыргыз Республикасынын жарандарына мүмкүн болуучу таасирине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында консулдук жана миграциялык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары да бекемдөө максатында үзгүлтүксүз байланышта болуу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, министрлик Кыргызстандын жарандарына АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоо зарылдыгын дагы бир жолу эскертет. Аталган өлкөдө жүрүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн бузуу, анын ичинде визанын жарактуулук мөөнөтүн өткөрүп жиберүү — камоого, депортациялоого жана АКШга кайра кирүүгө туруктуу тыюу салууга алып келиши мүмкүн.

АКШ тарабынан бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөрдү киргизүү ыктымалдыгы тууралуу америкалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматка байланыштуу, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 15-июнда билдирүү таратты.

“Бүгүнкү күндө Америка Кошмо Штаттарында коопсуздукту камсыз кылууга жана чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүсүн тартипке келтирүүгө багытталган миграциялык мыйзамдарды кайра карап чыгуу процесси уланууда. Учурда Кыргыз Республикасынын жарандарына карата кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү боюнча АКШ тараптан расмий маалымат түшө элек” деп айтылат Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Ошондой эле The Washington Post басылмасында жарыяланган маалыматка ылайык, жарандарга чектөө киргизилиши мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмеси кандай критерийлердин негизинде түзүлөрү Кыргыз Республикасы үчүн түшүнүксүз болуп калып жатканы да белгиленди.

Washington Post басылмасы АКШнын мамлекеттик департаменинин ички кызматтык маалыматына таянып, анын ичинде Кыргызстан, Египет, Жибут Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания ж.б.  36 өлкөнүн жарандарына өлкөгө киргизүүнү чектөө же киргизбей коюу чаралары иштелип чыгып жатканын билдирген.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты