Бакирова менен Дүйшеев кызматтан боштотулду
- 2 years мурун
Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев кызматынан мөөнөтүнөн мурун бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Нургүл Бакирова 31-январда президентке кызматтан өз эрки менен кетүү тууралуу арыз жолдогон. 1-февралда Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевдин өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы маалым болгон.
Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынында Бакирова менен Дүйшеевдин арызын канааттандырган.
Карыбек Дүйшекеев Конституциялык палатанын төрагалыгына 2019-жылы июлда дайындалган.
Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрагалыгына 2021-жылы апрель айында шайланган жана ага чейин төрайымдын орун басары болуп иштеп турган.
Муну бөлүшүү